Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
Апрель окуясында жабыркагандар бүгүн Жогорку Соттун алдында чыгып, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады. Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 18, 2025Орусияда киши колдуу болгон Кобилжондун сөөгү Тажикстанга коюлду
-
Декабрь 18, 2025Украина: Орусия энергетикалык жайларды бутага алды
-
Декабрь 17, 2025Парламент институту: Популизм, оппозиция жана саясий атаандаштык
-
Декабрь 17, 2025Австралия: Бонди Бичтеги калабанын курмандыктары жерге берилди
-
Декабрь 17, 2025Жогорку Кеңеш эркин жана ачык-айкын иштейби?
-
Декабрь 17, 2025Жогорку Кеңеш: Талкуу жараткан депутаттар