Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Орусиянын абактарында 1210 кыргызстандык отурат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Учурда Орусиянын абактарында жаткан 1 210 кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын маалыматына таянып “Азаттыкка” билдирди.

Былтыр орусиялык жабык жайларда жаткан кыргыз жарандары 1 355 болчу.

Быйыл 15-декабрга карата Орусиядан Кыргызстанга абакта жаткан 211 жаран өткөрүлүп берилди жана дагы 106 кишинин экстрадицияланышы күтүлүүдө.

Былтыр экстрадициялангандар 117 киши, 2023-жылы 74 жаран Орусиядагы абактардан Кыргызстанга которулган.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери жабык жайларда жаткан мигранттарды, анын ичинде Борбор Азиянын жарандарын согушка азгыруу жүрүп жатканы айтылып келет.

"Азаттык" буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар. Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоодо турарын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG