Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Кыргызстандын түштүгүнө жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбор ачуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын түштүк аймагында жаратылышта жаракат алган жапайы жан-жаныбарларды, канаттууларды дарылап, калыбына келтире турган реабилитациялык борбор ачуу зарыл. Бул тууралуу маселе 16-декабрда NABU Кыргызстан уюмунун Ош шаарында мамлекеттик экологиялык мекемелердин өкүлдөрү жана журналисттер менен өткөргөн жумушчу жолугушуусунда көтөрүлдү.

Экология министрлигине караштуу Оштогу мекемелердин өкүлдөрү билдиргендей, айрым учурларда жаратылышта жараат алган жаныбарлар колго түшөт, кээде Кызыл китепке кирген жаныбарларды багып же сатуу аракетин көргөндөр чыгат.

“Ушундай учурларда аларды кайсы жакка өткөрүп берүү керек деген көйгөй жаралып, акыры Ош шаарындагы зоопаркка гана берип калышат. Бирок зоопарк жаныбарларды кайра калыбына келтирип, жаратылышка кое берүү менен алектенбейт”, - деп жазылган маалыматта.

Учурда NABU Кыргызстан уюмунун Кемин районунда ушундай реабилитациялык борбору иштеп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймагынан жарадар болгон жапайы жаныбарлар жеткирилип, дарыланып калыбына келген соң, кайра жаратылышка коё берилет. Буга чейин сүлөөсүн, аюу, чүткөр сыяктуу көптөгөн жаныбарларга кам көрүлгөн.

Бирок айрым учурда жарадар болгон жаныбарларды Кеминге жеткирүү алыс болуп, убарагерчилик жаратат. Мындан улам өлкөнүн түштүк аймагына реабилитациялык борбор куруу муктаждыгы бар экени айтылды.

Жолугушууда мыйзамсыз аңчылыкты токтотуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана рейддик иш-чараларды утур-утур өткөрүүнү макулдашты.

Былтыр июль айында Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынуучу айып пулдун суммасы жогорулатылган. Тоо текени уруксатсыз атканга мурда 100 миң сом айып пул салынса, азыр 300 миң сомго көтөрүлгөн. Ал эми мамлекеттик жаратылыш парктарында же корук зоналарында мыйзамсыз аткандарга бул акчанын эки эсе суммасы салынат.

Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат жок. Расмий эсепте Кыргызстандын тоо-токойлорунда 46 миң баш кайберендин түрү, 3 миңден ашуун каман бар. Мындан тышкары Кызыл китепке киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцов аркарларынын саны 16 миңден ашат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG