Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Садыр Жапаров Токиодо жапон императору Нарухито менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров Токиого расмий сапарынын алкагында 19-декабрда Жапониянын императору Нарухито менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы достук байланыштарды, маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнү, эки элдин ортосундагы түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Жапаров Жапониянын технологияларынын жана билим берүү программаларынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролу бар деди. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшкөн стипендиялык программасын белгиледи.

Президент кыргыз жаштарынын арасында жапон тилине жана маданиятына кызыгуу артып жатканын, төрт окуу жайда жапон таануу жана тили боюнча 700гө жакын студент билип алып жатканын айтты.

Ал ошондой эле император Нарухитону 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жапаров 18-декабрда иш сапары менен Жапониянын борбору Токиого барган. Визиттин алкагында ал “Борбор Азия – Жапония” форматындагы алгачкы саммитке катышат жана Борбор Азия – Жапония бизнес форуму да өтөт.

Аталган саммит 2024-жылдын августунда Казакстанда «Борбор Азия - Жапония» диалогунун 20 жылдыгына карата өтөрү пландалган болчу. Бирок жапон делегациясынын сапары жер титирөө коркунучуна байланыштуу үзгүлтүккө учураган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG