Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

ӨКМ тоолуу аймактардагы унаа жолдордо этият болуу керектигин эскертти


Каракол базасынын жолундагы абал тууралуу сүрөт, видеолор 18-декабрда социалдык түйүндөрдө жарыяланган.
Каракол базасынын жолундагы абал тууралуу сүрөт, видеолор 18-декабрда социалдык түйүндөрдө жарыяланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн 20-декабрдан тартып 22-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жааган жаан-чачындан, кардан улам кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн, жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертти жана этият болууга чакырды.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай коркунуч Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Чапчыма ашуусунда сакталат.

Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайку жолунун 65-110 чакырымдарында, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) да кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт, жолго муз тоңот.

Мындай шартта айдоочулар жолдо баратканда унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сакташ керек экени белгиленди.

19-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Каракол” тоо лыжа базасына бара турган жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдирген жана “келген коноктордун жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу менен жол кырсыгын алдын алуу” аракети көрүлүп жатканын белгилеген. Аталган базанын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

18-декабрда "Каракол" базасынын жолунда тайгактан улам машиналар өйдө чыга албай, сыйгаланып ылдый түшүп, кээ бирлери сүзүшүп калганы тартылган видеолор тараган. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG